Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-майы № 252
"Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коому белгиленген тартипте жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 305 "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-майындагы № 41 жарыяланды
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |