Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 22-майы № 269
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
281-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) мыйзамдуу кирешелерге сатып алынгандыгы боюнча далилдер келтирилбеген мүлктү мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык мамлекеттин кирешесине алып коюу.".
2-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 8-2-статья менен толукталсын:
"8-2-статья. Жергиликтүү кеңештин депутатынын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациясы
Жергиликтүү кеңештин депутаты ага жеке менчик укугунда же анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тапшырат.
Декларация белгиленген мөөнөттө тапшырылбаган, декларация толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар менен тапшырылган учурда жергиликтүү кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 54-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мүлк жана киреше жөнүндө декларацияны тапшырууга милдеттүү жактарга карата Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына;";
2) 92-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчеттуулук болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши жөнүндө маалыматты, салыктык милдеттенмени эсептөө үчүн зарыл болгон кирешелер, чыгымдар жана мүлк жөнүндө, салыктардын эсептелген жана/же төлөнгөн суммасы жана колдонулган салыктык жеңилдиктер жөнүндө маалыматтарды берүү.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
48-беренесинин 1-бөлүгүндөгү '"же чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын" деген сөздөр ", чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын же мамлекеттин кызыкчылыктарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 766-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренесинде:
- 1-бөлүгү "менчик" деген сөздөн кийин "же иш жүзүндө колдонуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) декларант жана анын жакын туугандары жөнүндө маалыматтар:
а) аты-жөнү;
б) идентификациялык салык номери (ИСН);
в) жумуш орду, ведомстволук таандыктыгы, кызмат ордунун категориясы;
г) байланыш маалыматтары (телефон. почта дареги);
д) паспорттук маалыматтар;
е) каттоодо турган жери жана иш жүзүндө жашаган дареги.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Декларантка жана анын жакын туугандарына таандык болгон мүлк жөнүндө маалыматтарда мүлк жайгашкан жердин дареги, мүлктүн наркы, каттоо маалыматтары, сатып алган мезгили же менчик же пайдалануу укугунун пайда болушуна негиздеме (анын ичинде мүлктүн ижарасы) көрсөтүлөт.";
2) 4-беренесинин 4-бөлүгү "каражаттарды алуунун булактары" деген сөздөрдөн кийин ", декларант же анын жакын туугандары тарткан чыгымдардын башка түрлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 5-беренесинде:
- 1-бөлүгүндө:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Декларация ушул Мыйзамда, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте электрондук түрдө тапшырылат.";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аны өз убагында тапшыруу үчүн жоопкерчилик декларантка жүктөлөт";
- 3-бөлүгү ''милдеттенмелердин классификатору" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле салык кызматы органдары тарабынан декларацияларды контролдоо жана текшерүү тартиби" деген сөздөр менен толукталсын;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-берене менен толукталсын:
"5-1-берене. Декларацияларды контролдоо жана текшерүү
1. Декларацияларды контролдоого жана текшерүүгө декларанттын жана декларацияда көрсөтүлгөн адамдардын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды изилдөө жана талдоо кирет, алар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) декларациянын өз убагында тапшырылышын же анын тапшырылбагандыгын текшерүү;
2) реквизиттердин толук жана туура толтурулушун текшерүү (форма боюнча);
3) арифметикалык жана логикалык контролдоо (декларациянын реквизиттеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын элементтерин маалыматтардын форматына, параметрлерине шайкештигин же шайкеш эместигин салыштыруу; декларанттын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү көбөйгөндө жана/же мүлктүк мүнөздөгү милдеттенме азайганда анын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүүсүн талдоо);
4) декларацияны толук текшерүү.
2. Декларациянын өз убагында тапшырылышын текшерүүдө декларанттын Мыйзамда белгиленген декларацияны тапшыруу мөөнөтүн сактагандыгы же аны тапшырбагандыгы изилденет.
3. Туура жана толук толтурулушун текшерүүдө декларацияда каралган бардык параметрлердин чагылдырылган жана толтурулган фактылары, ошондой эле декларантка жана анын жакын туугандарына таандык болгон бардык мүлктүн киргизилиши изилденет.
4. Декларацияны арифметикалык жана логикалык контролдоо декларант тарабынан декларация тапшырылгандан кийин жүргүзүлөт жана төмөнкү курамдык бөлүктөрдөн турат:
1) декларациядагы маалыматтардын шайкештигин контролдоо - маалыматтардын форматтарынын, параметрлеринин бири-бирине шайкештигин жана/шайкеш эместигин аныктоо максатында декларациянын реквизиттеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын элементтерин салыштыруу;
2) декларациянын реквизиттеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын маалыматтар базасындагы маалыматтарга шайкештигин контролдоо - декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды ошол эле декларанттын мурдагы декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен ырааттуулугунун сакталгандыгына карата салыштыруу, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базаларынын реестрлериндеги жана башка маалымат булактарындагы маалыматтар, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдар, статистикалык маалыматтар, ченемдик укуктук актылар, декларациялануучу өзүнчө объекттер камтылышы мүмкүн болгон үгүттөөчү-пропагандалык маалыматтар менен салыштыруу;
3) декларанттын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүүсүн талдоо - декларацияда көрсөтүлгөн кирешелерди, чыгымдарды жана/же мүлктү жана/же мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелерди ошол эле декларанттын мурдагы декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен ырааттуулугунун сакталгандыгына карата салыштыруу.
Декларанттын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүүсү деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу өлчөмдө анын кирешелеринин, чыгымдарынын жана/же мүлкүнүн көбөйүшү жана/же мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелеринин азайышы таанылат.
5. Декларацияны толук текшерүү декларацияланган маалыматтардын аныктыгын аныктоо, кызыкчылыктардын кагылышынын жана мыйзамсыз баюу белгилеринин болушун текшерүү үчүн жүргүзүлөт.
Декларацияны толук текшерүү декларациялануучу субъект мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функцияларын аткаруу менен байланышкан ишин ишке ашыруу мезгилде, ошондой эле мындай ишти токтоткондон кийин үч жылдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Салык кызматы тарабынан декларацияны милдеттүү түрдө толук текшерүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш тарабынан бекитилүүчү коррупциялык тобокелдиктер менен байланышкан мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген кызмат адамы тарабынан берилген декларация;
2) логикалык же арифметикалык контролдоонун жыйынтыгы боюнча декларанттын декларациясындагы маалыматтардын шайкеш эместигин табуу;
3) укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан, юридикалык же жеке жактардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана Интернет-ресурстарынан декларанттын декларациясынын реквизиттеринде анык эмес маалыматтардын чагылдырылышы мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу;
4) декларант жана/же анын жакын туугандары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 20000 эселенген өлчөмүнөн ашкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн сатып алынгандыгы жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде Интернеттин социалдык тармактарындагы сайттарына) жарыялоо;
5) декларант жана/же анын жакын туугандары тарабынан отчеттук мезгилден мурунку үч жыл үчүн декларанттын жана анын жакын туугандарынын жалпы кирешесинен ашкан жалпы суммага кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, баалуу кагаздарды, акцияларды (катыштык үлүштү, уюмдардын уставдык капиталындагы пайды) сатып алуу боюнча бүтүмдү түзгөндүгү жөнүндө фактыларды аныктоо;
6) декларанттын эмгек акысынан тышкары, декларанттын жана/же анын жакын туугандарынын банктык эсебинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 20000 эселенген өлчөмүнөн ашкан суммада акча каражатынын болушу жөнүндө маалыматтарды аныктоо же алуу;
7) декларанттын эмгек акысынан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 20000 эселенген өлчөмүнөн ашкан суммада акча каражатынын болушу жөнүндө маалыматтарды аныктоо же алуу же болбосо декларант тарабынан декларациясына көрсөтүлүшү;
8) декларанттын декларацияда маалыматтарды көрсөтүүдөн же кийин мүлккө текшерүү жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартышы.'';
5) 6-беренесинин 1-бөлүгүндө:
- 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) декларант мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген бүткүл убакыттын ичинде, ошондой эле мөөнөтсүз сакталууга тийиш болгон акыркы декларациядан тышкары, ал ишин токтоткондон кийинки 3 жылдын ичинде декларацияда берилген маалыматтардын сакталышын жана жашырындыгын камсыз кылат;
3) ушул Мыйзамдын 5-1-беренесинде каралган ыйгарым укуктардын чегинде декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдейт жана талдайт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1) декларация боюнча маселелерди тактоо үчүн декларантка кайрылууга, декларанттан түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) жыл сайын 1-октябрга чейин декларанттардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияларын тапшыруунун жыйынтыктары тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-берене менен толукталсын:
"6-1-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары
1. Прокуратура органдары ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана ал бузулган учурда мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү прокурордук чара көрүшөт.
2. Прокуратура органдары салык, укук коргоо, башка мамлекеттик органдардан, юридикалык же жеке жактардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана Интернет-ресурстарынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын мүлкү жөнүндө декларацияда камтылган маалыматтардын ишенимсиздиги жөнүндө, кызмат адамы тарабынан мыйзамдуу булактар аркылуу ырасталган анын расмий кирешелеринен наркы жогору болгон мүлктү менчикке (пайдаланууга) сатып алган же анын мындай мүлктү жакын туугандарына өткөрүп берген фактысы тууралуу маалыматтарды же материалдарды, ошондой эле мыйзамсыз баюу мүмкүндүгүнүн ырастаган фактылары жөнүндө маалымат келип түшкөн учурда тиешелүү укук коргоо же башка мамлекеттик органга анын компетенциясына жараша текшерүү жүргүзүүгө тапшырма берет же мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү прокурордук чараларды көрөт.
3. Башкы прокурор же ага баш ийген прокурорлор мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдар жөнүндө салык кызматынын органдарынан ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган материалдарды алууда, эгерде декларация тапшырылган жылдан мурунку календардык жылдын ичинде сатып алынган мүлктүн суммасы ушул адамдын отчеттук жылга чейин акыркы үч жыл ичиндеги жалпы кирешесинен жогору болсо жана ал мыйзамдуу кирешеге сатып алынганын ырастоочу маалыматтарды бере албаса, анда жарандык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте декларанттын мүлкүн же аны мамлекеттин кирешесине алып коюу мүмкүн болбогон учурда мындай мүлктүн наркына барабар акчалай сумманы мамлекеттин кирешесине алып коюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.";
7) 8-беренесинин 1-бөлүгү "жыйынды маалыматтарды" деген сөздөрдөн кийин ", декларанттын аты-жөнүн, декларацияны берүү мөөнөтүн, декларанттын ведомстволук таандыгын" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 9-беренесинде:
- 1-бөлүгүндөгү "белгиленген мөөнөттө бербеген," деген сөздөр "бербеген, ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин берген," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Декларация тапшырылбаган, ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин тапшырылган, декларанттын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүшү жөнүндө тапшырылган декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар камтылган учурда, ушул Мыйзамдын 5-1-беренесине ылайык салык кызматынын органы тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына төмөнкүдөй мөөнөттө жөнөтөт:
1) декларацияларды тапшыруу мөөнөттөрү бузулганда - жыл сайын 1-июнга чейин;
2) декларацияда толук эмес жана анык эмес маалыматтарды көрсөтүүдө - жыл сайын 1-ноябрга чейин.
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, алынган маалыматтардын негизинде жана декларант тапшырган декларацияда маалыматтардын толук эмес жана/же анык эместигин ырастап, салык кызматынын органы декларанттын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жалпыланган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында же Интернет-ресурстарында жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жарыялайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Эгерде декларант отчеттук мезгил үчүн берген декларация менен мурунку декларациясынын ортосунда маалыматтардын ырааттуулугу сакталбаган факты белгиленген, ошондой эле декларацияны текшерүүнүн жүрүшүндө түшүндүрмөсү келтирилбеген кирешелер (чыгашалар) жана мүлк аныкталган, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу белгилүү болгон фактылар келип чыккан учурда декларантка карата жоопкерчилик чаралары колдонулат, анын ичинде:
1) кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө декларациясы тапшырылбагандыгы же өз убагында тапшырылбагандыгы, же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн;
2) декларацияда декларантка жана анын жакын туугандарына таандык болгон, башка бирөөнүн мүлкүн колдонуу боюнча маалыматтарды көрсөтпөгөндүгү үчүн;
3) жакын туугандары болуп саналбаган адамдарга кыймылсыз, кыймылдуу мүлктү, акционердик коомдордун баалуу кагаздарын, коммерциялык ишканалардын, уюмдардын уставдык капиталдагы үлүштөрүн жана мүлкүн, башка активдерди каттагандыгы үчүн;
4) мүлктү мурастоо жана белекке берүү келишимдери боюнча алган фактысын ырастабаганы үчүн (декларацияларды утурлама текшерүүнүн жана мураскор менен белекке берүүчү киреше алган учурдан тартып декларанттын пайдалануусунда турган мүлктү сатып алганга чейинки алардын иш жүзүндөгү кирешелерин жана мүлктүк абалын салыштыруунун жыйынтыгы боюнча);
5) салыктык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, салыктык контролдоонун жүрүшүндө салык кызматынын органдары түзгөн корутундусунда декларациянын реквизиттеринин бөлүгү ырасталбаганы үчүн.".
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|