Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 47/8-8
Талас шаарындагы “Биримдик” ачык акционердик коому тарабынан шаардын ички каттамдарын тейлөөдө жол кире акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасы, Талас шаарынын мэриясынын 13.12.2021-жылдын №01-21/2310 чыгыш сандуу катынын негизинде, 6.12.2021-жылдагы Талас шаарынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколу жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы “Биримдик” ачык акционердик коому тарабынан шаардын ички каттамдарын тейлөөдө жол кире акысынын тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Кичи автобустарда – 15 (он беш) сом;
- Мектеп окуучулары үчүн – 10 (он) сом;
- 7 жашка чейин балдарга акысыз.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаровго) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |