Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 50/8-8
Төраганын орун басарлары жөнүндө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин №8/3-8 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 2 бөлүм, 3 бап, 3,10-пунктуна ылайык, карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин азчылык “Ыйман-Нуру” фракциясынан сунушталган Токтогулова Раушан Турсуновна төраганын орун басарынан бошотулсун.
2. Төраганын орун басары бош ордуна Депутаттардын Талас шаардык кенешинин төрагасынын сунушу менен азчылык “Республика” фракциясынан Исаева Роза Азанкановна төраганын орун басары болуп шайлансын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Жусупбеков |