Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 2
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен Жогорку Кеңештен келген транштын негизинде жер үлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII- чакырылышындагы V – сессиясы айыл тургундары Калыбаев Нурдин, Баурбеков Мурат жана Муса уулу Нуржигиттин арыздарын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен Жогорку Кеңештен келген транштын негизинде Калыбаев Нурдин, Баурбеков Мураттын уул кыздарына жана Муса уулу Нуржигитке тиешелүү жер үлүштөрү бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу А. Тойчубековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | Р. Молтоев |