Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 11-сессиясы
2021-жылдын 19-декабры № 3
Кызматтык автоунаа жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн кызматтык ВАЗ-2107 маркасындагы автоунасы 2007-жылы алынган, бүгүнкү күндө абалы начар болуп оңдоого көп каражат жумшалгандыктан жана пайдалануу мөөнөтү аяктагандыктан жарактан чыгаруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовдун кайрылуусун угуп талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн кызматтык ВАЗ-2107 маркасындагы автоунасы 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылып абалы начар болуп оңдоого көп каражат жумшалгандыктан жана пайдалнуу мөөнөтү аяктагандыктан жарактан чыгарылсын.
2. Кызматтык автоунааны жарактан чыгаруу боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде дайындоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Токонов |