Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 49/8-8
“Талас шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №234/35-7 токтому менен бекитилген “Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча” жобосу, Талас шаарынын мэриясынын 14.12.2021-жылдын №01-21/2322 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын, Милициянын ардагери Таласшаарынын тургуну Абдылдаев Байазга жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин башкы адиси Кыдырбаева Турсун Жумабековнага ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этик, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К.Карагулова) тапшырылсын.
Төрага: | А.Жусупбеков |