Редакцияот 12.07.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-июлу ПУ № 372              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ         Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде             окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө      Жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын  толук  кандуу  билималуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана аларга кошумча социалдык колдоо-ну камсыз кылуу максаттарында токтом кылам:     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү  өзал-дынча башкаруу органдары менен бирдикте бардык мамлекеттик жана муници-палдык жалпы билим берүү мектептеринде 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып1-4-класстын  окуучуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча маселени чеч-син;     - бир  айлык мөөнөттө шаардык жана муниципалдык мектептердин окуу-чуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча Жобону иштеп чыксын жана бекит-син;     - эки айлык мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү бюджеттин  ка-ражаттарынын эсебинен окуучулардын тамактануусун финансылоону,  ошондойэле окуучулардын тамактануусун натыйжалуу уюштуруу боюнча башка маселе-лерди  караган  "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептериндеокуучуларды тамактандырууну уюштуруу  жөнүндө"  Кыргыз  РеспубликасынынМыйзамына  өзгөртүүлөрдү  жана кошумчаларды киргизүү тууралу" Мыйзамдындолбоорун иштеп чыксын жана  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењешинекиргизсин;     2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2006-жылдын  1-сентябрынантартып  аталган шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен жалпы би-лим берүү мектептерде 1-4-класстын окуучуларынын  тамактануусун  камсызкылсын.     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өзалдынча башка-руу органдары 2007-жылдан тартып республикалык бюджетти жана Бишкек жа-на Ош шаарларынын бюджеттерин иштеп чыгууда бардык мамлекеттик жана му-ниципалдык жалпы билим берүү мектептерде 1-4-класстын окуучуларынын та-мактануусун уюштуруу үчүн керектүү финансылык каражаттарды карасын.     4. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин.     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.     6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын      Президенти                                           К.Бакиев