Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-декабры № 01
Оро Биримдиги фондусундагы акча каражатын кароо жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусунун башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусуна “Шыралджын Майнинг” компаниясынан 2021-жылы үчүн түзүлгөн меморандумдун негизинде түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата түшкөн акча каражатынын суммасы 900000 сом өлчөмүндө белгиленсин жана ал акча каражаты айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык муктаждыктарына бөлүштүрүп берилсин.
2. Оро Биримдиги фондусунун башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаев, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүкккө алсын.
Төрага | Б.Мотуев |