Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз III сессиясынын жыйыны
2021-жылдын 20-декабры № 3/1
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 30.11.2021-жылдагы №11-2022-21 сандуу ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү боюнча сунуштамасын кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 30.11.2021-жылдагы №11-2022-21 сандуу ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү боюнча сунуштамасында Ылай-Талаа айылдык Кенешинин депутаттары тарабынан "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунун ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1 -бөл үмүндө көрсөтүлгөн декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана анын жакын туугандарына менчик укугуна таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөөрү тууралуу талаптар одоно түрдө бузулгандыгы белгиленген.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарын сактоо менен бирге мыйзамдардын жол берген бузулушун, аларды бузууга комок берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча ачык-айкын иш-чараларды көрүү максатында Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 30.11.2021-жылдагы №11-2022-21 сандуу ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү боюнча сунуштамасыньш- негизинде "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунун ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузуп кирешелери жөнүндө декларацияларында кыймылсыз мүлктөрүн, жер участокторун жана өздөрүнө таандык үлүштөрүн көрсөтпөгөндүгү үчүн Ылай-Талаа айылдык Кенешинин (VI чакырылыштагы) төмөндөгү депутаттары Баатыров Улукман Акпаралиевич - 2019-жыл үчүн, Казматов Нурмухаммед Каныбекович, Уңкулов Рашидбек Бекмаматович, Утуров Актилек Ысмайылович, Замирбек уулу Таштемир, Маметов Кулмат Шакенович, Орозбаев Мамажан Мамашович - 2020-жыл үчүн, 2019-2020-жылдар үчүн Ажимаматов Улукбек Саткынбаевич, Мамазайиров Данияр Султамаматович, Карабаев Садык, Осмоналиев Бейшен Токтогулович, Торогелдиева Бурулкан Калиловна, Райымкулов Марс Камчыбекович, Сейдаматов Бердибай Баданович, Намашамов Тендик Жуманазаровичтер мыйзамдардын жол берген бузулушун, аларды бузууга комок берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча эскертилип, мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |