Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) алтынчы сессиясы
2021-жылдын 30-октябры № 6-7
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Т. Жамалов атындагы музыкалык мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Т. Жамалов атындагы музыкалык мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т. Жамалов музыкалык мектебинин жыгач эшик-терезелерин пластик эшик-терезелерге алмаштырууга Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы “Региондорду өнүктүрүү фондуна” долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Т. Жамалов музыкалык мектебинин жыгач эшик-терезелерин пластикке алмаштырууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2022-жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 122 000 (жүз жыйырма эки миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай у. Э. |