Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) алтынчы сессиясы
2021-жылдын 30-октябры № 6-9
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планына киргизилген мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу долбоору жана өздүк салымы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластикке алмаштырууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2022-жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 366 244 (үч жүз алтымыш алты миң эки жүз кырк төрт) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай у. Э. |