Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) алтынчы сессиясы
2021-жылдын 30-октябры № 6-10
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Көтөрмө айылындагы административдик имаратынын жана маданият сарайынын айланасын көрктөндүрүүгө түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Көтөрмө айылындагы административдик имаратынын жана маданият сарайынын айланасын көрктөндүрүүгө түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылындагы административдик имаратынын жана маданият сарайынын айланасын көрктөндүрүүгө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы “Региондорду өнүктүрүү фондуна” долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Көтөрмө айылындагы административдик имаратынын жана маданият сарайынын айланасын көрктөндүрүүгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2022-жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай у. Э. |