Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 27-декабры № 5/1
Чалма айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгыруу үчүн жыйымдын ставкасын, төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 75-беренесинин негизинде жыйымдын ставкасын, 76-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык жыйымдын төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндөгү Чалма айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 75-беренесинин жана 76-беренесинин 1-2-бөлүмүнүн негизинде таштандыларды ташып чыгыруу үчүн жыйымы, 2022-жыл үчүн бир жашоочуга 7(жети) сомго, соода сатык жүргүзгөн ишканаларга имаратынын бир чарчы метрине 10(он) сомго белгиленсин, 76-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде төлөө мөөнөтү 2022-жылдын 25-ноябрынан кечиктирбөө белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча адиси А.Жунусалиевге тапшырылсын.
Төрага: | А. Кадыркулов |