Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 27-декабры № 5/4
Кара-Кулжа райондук Прокуратурасынын 30.11.2021-жылдагы №11-2018-21 сандуу “Сунушун” кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук Прокуратурасынын 30.11.2021-жылдагы №11-2018-21 сандуу сунуштамада Чалма айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн, декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана анын жакын туугандарына менчик укугунда таандык кыймылсыз мулк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөрү тууралуу талаптар одоно түрдө бузулгандыгы белгиленген. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарды сактоо менен бирге мыйзамдардын жол берилген бузулушун.аларды бузууга көмөк берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча ачык-айкын иш-чараларды көрүү максатында Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук Прокуратурасынын 30.11.2021-жылдагы №11-2018-21 сандуу сунушунун негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузуп, 2019-жыл учун кирешелери жөнүндө декларацияларында кыймылсыз мүлктөрүн, жер участокторун жана өздөрүнө таандык үлүштөрүн көрсөтпөгөндүгү үчүн Чалма айылдык Кенешинин төмөнкү депутаттары Кадыркулов Абдырасул, Акаева Венера Култаев Темирлан,Ормонова Асилбу,Абазбек уулу Шайлообектерге мыйзамдардын жол берилген бузулушун,аларды бузууга көмөк берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча эскертилип, мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Кадыркулов |