Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 27-декабры № 5/5
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштырууга өздүк салымга Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд долбоору жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштырууга өздүк салымга Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен 445 000(төрт жуз кырк беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд боюнча комиссиясына сунушталсын
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Кадыркулов |