Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 27-декабры № 5/6
Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылында жайгашкан “Буйга маданият үйүн” капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салымга Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын болуп берүү жөнүндө
Буйга айылында жайгашкан “Буйга маданият үйүн” капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд долбоору жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буйга айылында жайгашкан “Буйга маданият үйүн” капиталдык оңдоодон өткөрүү өздүк салымга Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен 385 000(үч жуз сексен беш мин) сом акча каражаты болүнүп берилсин.
2. Буйга айылында жайгашкан “Буйга маданият үйүн” капиталдык оңдоодон өткөрүү багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд боюнча комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Кадыркулов |