Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 30-ноябры № 8/1
Кызыл-Кыштак айыл аймагын 2021-2022-жылдарга күз-кыш мезгилине карата экономикалык тармактардын жана калктын даярдыктары жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл аймагын 2021-2022-жылдарга күз-кыш мезгилине карата экономикалык тармактардын жана калктын даярдыктары жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагын 2021-2022-жылдарга күз-кыш мезгилине карата экономикалык тармактардын жана калктын даярдыктары жөнүндө аткарылып жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагынын калкына арзан көмүр ташып келүү боюнча иш-чараларды уюштуруу колго алынсын.
3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин: “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар” жана “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар” боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |