Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 9/1
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн, “2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү, 2021-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2023-2024-жылдарга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү” жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн, “2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү, 2021-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2023-2024-жылдарга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү” жөнүндөгү маселелер боюнча, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 15-январындагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга такталган киреше бөлүгүнүн 51 704, 5 миң сом, аткарылышы 59 598, 8 миң сомго, же 115,3 % аткарылганы, ал эми бюджетинин такталган чыгаша бөлүгү 51 704,5 миң сом болуп аткарылышы 44 528,1 миң сомго же 86,1 % аткарылганы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджети 2022-жылга такталган киреше бөлүгү - 39605,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү - 39605,2 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен: 4085,0 миң сом теңдөөчү гранттын эсебинен жана 4 320,0 миң сом атайын каражат эсебинен.
3. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондуна 317,5 миң сом ажыратылсын.
4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдан калдык болуп калган 15 070,7 миң сомго акча каражаты, 2022-жылдын бюджетине 15 070,7 миң сом киреше жана 15 070,7 миң сом чыгаша болуп бекитилсин. Мындан 159,1 миң сом атайын каражат эсебинен.
5. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07 2013-жылдагы № 403-токтомунун негизинде 44 кызмат орду болуп бекитилсин.
Мындан: 20 штат негизги, 6 штат айыл башчылар, 6 штат АКС (ВУС) инспекторлор, 2 штат айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы, 6 штат маданият тармагындагы кызматкерлер, 4 штат (МОП) кенже тейлөөчү кызматкерлер.
7. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджеттин божомол долбоору: 2023-жылга киреше бөлүгү 40164,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 40164,2 миң сомго жана 2024-жылга киреше бөлүгү 40571,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 40571,2 миң сомго бекитилсин.
8. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |