Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 9/2
Ишкаван айылындагы, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансындагы курулушу толук бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат 3,32 га жер аянты менен “Кыймылсыз мүлктөрдү баалоо боюнча консультациялык агентствонун “Түштүк жер реформасы” ЖЧКсы” тарабынан бааланган баланстык баасы боюнча кабыл алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги: “Ишкаван айылындагы, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансындагы курулушу толук бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат 3,32 га жер аянты менен “кыймылсыз мүлктөрдү баалоо боюнча консультациялык агентствонун “Түштүк жер реформасы” ЖЧКсы тарабынан бааланган баланстык баалары боюнча кабыл алуу жөнүндөгү” маселеле карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак өкмөтүнүн балансындагы, Ишкаван айылындагы курулушу толук бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат жана ага тийиштүү болгон 3,32 га жер аянты менен “Кыймылсыз мүлктөрдү баалоо боюнча консультациялык агентствонун” “Түштүк жер реформасы” ЖЧКсы тарабынан бааланган төмөнкүдөй жаңы баалар боюнча:
-курулушу бүтпөгөн төрт кабаттуу имарат – 31 855,0 миң сом;
-имаратка тиешелүү 3,32 га жер аянты- 53 120,0 миң сом болуп баланска кабыл алынсын.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин: “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |