Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 9/3
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 06.04. 2021-жыл кезексиз XXIV сессиясынын № 24-1 токтомунун 2; 3; жана 4 - пункттарын жокко чыгаруу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 06.04. 2021-жыл кезексиз XXIV сессиясынын “Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн имаратты жер аянты менен багытын өзгөртүү жана ачык акционердик коом (ААК) түзүү жөнүндөгү” № 24-1 токтомунун 2; 3; жана 4 - пункттарын жокко чыгаруу жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1.“Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөгөн имаратты жер аянты менен багытын өзгөртүү жана ачык акционердик коом (ААК) түзүү жөнүндөгү” Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 06.04. 2021-жыл кезексиз XXIV сессиясынын № 24-1 токтомунун 2; 3; жана 4 -пункттары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы № 123 Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык жокко чыгарылсын.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү уюмдаштыруучу (учредитель) болуп түзүлгөн “Ошазык” ААК жоюлсун жана мамлекеттик каттоолордон (юстиция, салык, соц.фонд жана башка жактардан) чыгаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |