Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 9/5
Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөй турган төрт кабаттуу имараттын биринчи кабатын, “Paint Ball” ойноочу жай үчүн убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги: “Айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимдерин кароо жөнүндөгү” маселедеги: “Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөй турган төрт кабаттуу имараттын биринчи кабатын, “Paint Ball” ойноочу жай үчүн убактылуу ижарага берүүгө уруксат берүү жөнүндөгү” маселе боюнча туруктуу комиссиянын 11.11 2021-жылдагы отрумунун протоколунун чечимин карап, талкуулап токтом кылат:
1. Ишкаван айылындагы курулушу бүтпөй турган төрт кабаттуу имараттын биринчи кабатын, “Paint Ball” ойноочу жай үчүн убактылуу (инвестор келип иш башталганга чейин) ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө, ижарага алуучу тарап менен убактылуу келишим түзүүдө бардык шарттар каралсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” жана “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар” боюнча туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |