Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 9/7
Айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимдерин кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги: “Айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимдерин кароо жөнүндөгү” маселе боюнча туруктуу комиссиянын 11.01.2022-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечимин карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы аныкталган төмөнкү жер тилкелери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын:
1. Ишкаван айылындагы 0,10 га жер тилкеси,
2. Катта-Терек участкасындагы 0,20 га жер тилкеси.
3. Муниципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү же жеке менчикке сатуу, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |