Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 9/8
Кызыл-Байрак айылына көрүстөн үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги: “Айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимдерин кароо жөнүндөгү” маселедеги, Кызыл-Байрак айылына көрүстөн үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү” маселе боюнча туруктуу комиссиянын 11.01.2022-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечимин карап, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Байрак айылындагы көрүстөн толуп калгандыгына байланыштуу айылдагы адыр жердеги: таштуу жайыт № 639 - котурунан 0,21 га жана кайрак айдоо № 978 - контурнан 7,79 га жалпысы 8,0 га жер аянты көрүстөн үчүн ажыратылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, көрүстөн үчүн ажыратылуучу айыл чарба багытындагы 8,0 гектар жер аянтын башка категорияларга трасформациялоо, каттоодон өткөрүү жана башка керектүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |