Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 9/9
Керме-Тоо айылында жайгашкан “телеретрансляция станциясын” жана ага тийиштүү болгон 0,05 га жер тилкеси менен айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги: “Айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимдерин кароо жөнүндөгү” маселедеги, “Керме-Тоо айылында жайгашкан “телеретрансляция станциясын” жана ага тийиштүү болгон 0,05 га жер тилкеси менен айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндөгү” маселе боюнча туруктуу комиссиянын 11.01.2022-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечимин карап, талкуулап токтом кылат:
1. Керме-Тоо айылында жайгашкан “телеретрансляция станциясы” жана ага тийиштүү болгон 0,05 га жер тилкеси менен айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Т.Махмудов |