Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2021-жылдын 13-декабры № 8/1
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган калдыктан бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жыл башындагы өзгөчө кырдаал үчүн каралган 30 000 сом (отуз миң) жана COVID-19 үчүн каралган акча каражаттын ичинен 36 000 сом (жыйырма алты миң) акча каражатына керектүү болгон мотопонпа (суу соруп чыгаруу үчүн насос 30 000с) жана талапка ылайык электрондук иш кагаздарын жүргүзүү үчүн керектелүүчү жабдууларды (Хаб, коннектор RJ45, Mikrotik, кабель UTP 5е ж.б 16 000с ) алуу максатында жетектөөчү адис – Т.Садыгалиевдин билдируүүсү, Р.Усубалиев орто мектебинин директору Ч.Байгазиеванын 2021-жылдан 23-августундагы жазган кайрылуусу (отказанга насос 10000с) жана Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев орто мектебинин окуучуларынын (жарыктандырууга 10000с) 21.11.2021-ж кайрылуусу карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган акча каражатынын сметасына өзгөртүү киргизилсин;
2. Акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык жылдырылып берилсин;
22154900- 66000 сом (алтымыш алты миң сом)
22221100- 66000 сом (алтымыш алты миң сом)
3. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча бекитип берүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткаруу ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Турганалиев |