Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 9/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грант аркылуу кичи футболдук аянтчага өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына кичи футболдук аянча мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грантка көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына кичи футболдук аянча куруу үчүн мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү гранттын жалпы суммасынын 40% (1 153 252 сом) өздүк салым акча каражаты каралсын;
2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;
3111- 1 153 252 сом (бир миллион бир жүз элүү үч миң эки жүз элүү эки сом)
3. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча бекитип берүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткаруу ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Турганалиев |