Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 11-декабры № VIII/3
Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамынын жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамынын жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамынын жобосун толуктоо Баетов айылдык Кеңешинин Депутаттык иш, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын жылына эки жолу беруу жагы белгиленсин.
3. Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын беруу боюнча комиссиянын курамына депутаттардан, Ч.Азимжанов, А.Абдылдаев, С.Каленов, К.Тиленбаева, Ч.Акматбековалар сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | Ч.Азимжанов |