Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баетов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 11-декабры № VIII/10
Баетов айыл өкмөтүнүн “Асыл-Түшүм” муниципалдык ишканасына Айыл банктан лизингге 1 комбайн алуу үчүн өздүк салымды жергиликтүү бюджеттен чечип берүү жөнүндө
Баетов айыл өкмөтүнүн “Асыл-Түшүм” муниципалдык ишканасына Айыл банктан лизингге 1 комбайн алуу үчүн өздүк салымды жергиликтүү бюджеттен чечип берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ААК-нан 6 жылдык мөөнөткө бир жылдык пайызы 14% менен 1 даана комбайн NOVA 320 баасы 6 400 000 сомго жана 1 даана жатка 950 000 (тогуз жуз элүү мин) сомго жалпы 7 350 000 сомго техника алынсын. Баетов айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен 7 350 000 (жети миллион үч жүз элүү миң) сом акча каражаты лизинг алуудагы 30% болгон өздүк салымга жумшалсын. Алынуучу техниканы камсыздандыруу үчүн 122 079 (бир жүз жыйырма эки мин жетимиш тогуз ) сом жана техниканын иш кагаздарынын каттатууга 2000 (эки мин) сом каралсын. Баетов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасынын “Айыл Банк” ААКсы тарабынан ачылган өздүк эсебине 2 329 079 (эки миллион үч жүз жыйырма тогуз мин жетимиш тогуз) сом которулуп берилсин.
2. Айыл чарба техниканы алуу жагы “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасы жана Баетов айыл өкмөтү аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Лизингдин өздүк салымы төлөнгөндөн кийинки бөлүгүн 14 % пайыздан алынган (насыяны) баардык каражаттарды төлөө жагы “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасынын бюджетинен жана Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн жана эки тарапка өз убагында бул милдеттенмени аткарууга бирдей милдеттендирилсин.
4. Лизингге алынган техника милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлсүн жана камсыздандырууга кеткен акча каражаты өздүк салымдан жумшалсын.
5. Лизингге айыл чарба техникасын алууда “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Карасартов Элдияр Жанышбековичке “ААК Айыл Банк” менен кредиттик жана кепилдик келишимдерге андан сырткары баардык тиешелүү документтерге ишкананын атынан кол коюу укугун жана башка лизингге тиешелүү иш-чараларга иш алып барууга “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасынын счетундагы акча каражаттарды пайдаланууга, которуу, алуу жана башка банктык операцияларды жүргүзүүгө, финансылык иш кагаздарга кол коюу менен укук берилсин.
6. “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасына алынган техника Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алынсын, техникалардын оперативдик башкаруусу “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасына берилсин.
7. “Асыл Түшүм” муниципалдык ишканасына техника алууга алынган кредит төлөнгөндөн кийин ишкананын тапкан пайдасынын эсебинен Баетов айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө каражаттар которулуп турсун.
8. Бул токтомду аткаруу жагы Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдылдаевге жана башкы бухгалтер В.Нарматовага милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Баетов айылдык Кеңешинин Бюджеттик жана финансылык маселелер боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ч.Азимжанов |