Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9-2
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары боюнча аткарылган иштердин жүрүшү жөнүндө
2021-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун кол койгон алгачкы №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», №2 «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө», №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө», №4 «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө», №5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыктары боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу айыл өкмөттүн башкы адиси Р. Асанкул уулунун, жооптуу катчысы Т.Иманбердиеванын, башкы адис-юрист Н. Карыбековдун берген маалыматтарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун кол койгон алгачкы 5 Жарлыгы боюнча аткарылган иштер жөнүндөгү айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиеванын, башкы адиси Р. Асанкул уулунун, башкы адис-юрист Н. Карыбековдун берген маалыматтары эске алынсын.
Төрага: | Н. Жаныгулова |