Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9-3
Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына тапшырылуучу долбоор жөнүндө
Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн (спорт залдын эшик-терезесин, жылытуу системасын алмаштыруу, ашкананын эшик-терезесин алмаштыруу) Кыргыз Республикасынын дем берүүчү грантына тапшырылган долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбектин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин эсебинен өздүк салым катары 601 800 (алты жүз бир миң сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асанкул уулуна милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Н. Жаныгулова |