Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХVII сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 47/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелерин көбөйтүүдө дем берүү максатында берилген акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.12.2019-жылдагы №458 буйругунун негизинде Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке кирешенин өсүшү 110 пайызга чейин камсыз кылгандыгы үчүн айыл өкмөтүнө 200(эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүнгөндүгүн кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темиралиевдин маалыматын угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын Жеригиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жумуш ордуна шарт түзүп берүү үчүн компьютердик жабдууларды алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын бюджеттин планына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кочкор райондук башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Жумабеков |