Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9-9
Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук автоунаанын жол кире акысын көтөрүү жөнүндө
Күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына жана авто тетиктеринин кымбатташына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаалардын жол кире акысы бир жүргүнчүгө 15 (он беш) сом, ошондой эле окуу мезгилинде жана окуудан сырткаркы убакта мектеп окуучуларына 10 (он) сом өлчөмүндө бекитилсин;
2. Ат-Башы айылындагы маршруттук каттамды бекитилген график боюнча өз убагында жана үзгүлтүксүз тейлөө жагы “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Төрага: | Н. Жаныгулова |