Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 9-10
Ат-Башы айылынын ички жолдорун асфальттоого сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айылдарды өнүктүрүү максатында райондун борборуна ар жыл сайын 3 км жолдорду асфальттоо жөнүндөгү тапшырмасына жана Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин сунушуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айылдарды өнүктүрүү максатында райондун борборуна ар жыл сайын 3 км жолдорду асфальттоо иштери ишке ашып калса Ат-Башы айылынын төмөндөгү ички жолдору асфальттоого Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын:
1) М. Өмүракунов көчөсүнүн чыгыш тарабы (“Кошой” стадионуна барчу жол);
Туура (кыска) көчөлөр:
2) Т. Жумабеков атындагы көчөсү (М. Өмүракунов менен Чеч-Дөбө көчөлөрүнүн ортосу);
3) М. Жунусов атындагы көчөсү (С Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
4) И. Айылчиев атындагы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
5) К. Тыналиев атындагы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
6) Ат-Башы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
7) Жеңиштин 40 жылдыгы көчөсү (А. Иманбердиев менен М. Өмүракунов атындагы көчөлөрдүн ортосу);
8) К. Сатыбеков атындагы көчөсү (Ат-Башы көчөсүнөн баштап М. Жунусов көчөсүнө чейин);
2. Жогорудагы аты аталган көчөлөрдүн узундугун ченеп жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунуш-кат даярдап жөнөтүү жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И. Мелисовго жана айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевдерге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Төрага: | Н. Жаныгулова |