Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 1
Жаңы-Күч мечитинин документин бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлдүрүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнө тиешелүү Жаңы-Күч айылындагы мечиттин документтерин бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Күч айылындагы мечиттин документтери көп жылдан бери бүтпөй жаткандыктан, 2021-жылы мечиттин документтерин бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы филиалына 16000 ( он алты миң) сом, Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына 10605 ( он миң алты жүз беш) сом , жалпысы 26605 ( жыйырма алты миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага: | Д.Кайыпов |