Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 2
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекемелердин кабинет,бөлмөлөрүнө RED (диот) лампочкаларына которуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлдүрүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекемелердин кабинет, бөлмөлөрүнө RED (диот) лампочкаларына которуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектепке жана “Казыбек-Жеткинчек” бала бакчасынын кабинет,бөлмөлөрүнүн RED (диот) лампочкаларына которуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 12000 (он эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин жана “Айданек-Жаңыкүч” бала бакчасынын кабинет бөлмөлөрүнө RED (диот) лампочкаларына, 44 даана плафон алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 21700 ( жыйырма бир миң жети жүз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Казыбек айыл өкмөтүнүн кеңсесинин кабинеттерине RED (диот) лампочкаларына, 14 даана плафон алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 7000 (жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага: | Д.Кайыпов |