Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 5
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер взносунун өлчөмүн көтөрүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Казыбек -Жеткинчек”жана “Айданек-Жаңыкүч” балдар - бакчасындагы балдардын тамак-ашы үчүн ай сайын төлөнүүчү ата-энелер взносунун өлчөмүн жогорулатуу боюнча, ар бир балдар бакчасындагы ата-энелер менен өтүлгөн педагогикалык кеңешинин отурумунда көрсөтүлгөн сунуштарды аткаруу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Казыбек -Жеткинчек”жана “Жаңыкүч-Айданек” балдар- бакчасындагы балдардын тамак-ашы үчүн ай сайын төлөнүүчү ата-энелер взносунун өлчөмү 600 (алты жүз) сомго жогорулатылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевден суралсын.
Төрага: | Д.Кайыпов |