Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 6
Айыл аймакта тазалык жыйымын белгилөө жөнүндө
Мамлекеттик КР нын “Салык жана кирешелер жөнүндөгү”кодексинин 24-главасына ылайык,Салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 19-ноябрь 20021—жылдагы №08—1457 айыл аймакта тазалык жыйымын белгилөө жөнүндөгү сунуш катынын негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу “Казыбек-Жаңы-Күч” тазалык ишканасы калктан акы алып кызмат көрсөтүү) ачылып иштеп жатат. Тиешелүү тарифтери айылдык кеңеш тарабынан бекитилип берилгендиктен жана бул кызмат калк үчүн кайталанып иштөөнүн зарылдыгы жок деп эсептелгендиктен, тазалык жыйым белгиленбесин.
2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага: | Д.Кайыпов |