Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 8
“Муз-Төр” чек ара бөлүмүнө өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн көмөк чордонун орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энегетика жана өнөр жай министрлигинин 2021-жылдын 7-июлундагы № 09-5/ 7968 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Дж.Джунашалиевдин 2021-жылдын 6-июлундагы № 26-5196 катынын негизинде, “Муз-Төр” чек ара бөлүмүн өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо тапшырмасы коюлгандыктан, чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу максатында жана чек араны сапаттуу кайтаруу, мамлекеттик коопсуздук жана өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн, Казыбек айыл аймагына тиешелүү Арпа өрөөнүндөгү № 93 контурдагы Муз-Төр чек ара бөлүмүнө тиешелүү вертолет конуучу аянттын түндүк тарабынан жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына чейин 0,07 га (жети сотых) жайыт жер аянтына ПС 110/10 кВ көмөк чордонун курууга уруксат берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энегетика жана өнөр жай министрлигинин 2021-жылдын 7-июлундагы № 09-5/ 7968 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Дж.Джунашалиевдин 2021-жылдын 6-июлундагы № 26-5196 каты аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энегетика жана өнөр жай министрлигинин 2021-жылдын 7-июлундагы № 09-5/ 7968 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Дж.Джунашалиевдин 2021-жылдын 6-июлундагы № 26-5196 катынын негизинде, “Муз-Төр” чек ара бөлүмүн өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо тапшырмасы коюлгандыктан, чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу максатында жана чек араны сапаттуу кайтаруу, мамлекеттик коопсуздук жана өндүрүштүк электр энергия менен камсыздоо үчүн, Казыбек айыл аймагына тиешелүү Арпа өрөөнүндөгү № 93 контурдагы Муз-Төр чек ара бөлүмүнө тиешелүү вертолет конуучу аянттын түндүк тарабынан жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына чейин 0,07 га (жети сотых) жайыт жер аянтына ПС 110/10 кВ көмөк чордонун курууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага: | Д.Кайыпов |