Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8 - шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 9
Компьютерлердин зыяндуулугун аныктоо жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн 11 (он бир) кызматкерлерине “АРМОТ” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2021-жылдын 25-октябрындагы компьютерлерден чыккан зыяндуулугун аныктоо жөнүндөгү № 72 протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн 11 (он бир) кызматкерлерине “АРМОТ” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2021-жылдын 25-октябрындагы компьютерлерден чыккан зыяндуулугун аныктоо жөнүндөгү № 72 протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен айлык акыларына жараша 15% акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага: | Д.Кайыпов |