Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын VII сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 7/1
Алыскы жайыт болгон Ак-Сай өрөөнүндөгү “Минтеке” участкасына 17377,22 га жер аянтына жез кенине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “Евразия Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомдун кайрылуусу боюнча Алыскы жайыт болгон Ак-Сай өрөөнүндөгү Ак-Муз айыл өкмөтүнө караштуу “Минтеке” участогунан 17377,22 га жер аянтына жез кенине №6509 АП сандуу лицензиясын алгандыгына байланыштуу геологиялык изилдөө иштерин жүрүзүүгө 1(бир) жылдык мөөнөткө уруксат берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |