Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыштын VII сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 7/2
Ак-Муз айыл аймагындагы айыл тургундарын сыйлоо жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын айыл тургундарына Жаны жылга карата жылдын мыктылары аныкталып, Ак-Муз айылдык кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлансын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | Адистен уулу К |