Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын I сессиясы
2021-жылдын 20-майы № 1
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги I сессиясынын №1 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айылдык кеңешинин төрагасы болуп Эчки-Башы айылынын тургуну Касымалиев Айтбек Төрөгелдиевич дайындалсын.
2. Он-Арча айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Эчки-Башы айылынын тургуну Беккулова Оксана Садыгуловна дайындалсын.
3. Он-Арча айылдык кеңешинин туруктуу комисияларынын мүчөлөрү төмөнкү курамда дайындалсын:
1. Депутаттык иш, регламент, мандат, этика, өзүн өзү башкаруу комиссиясына:
- Байгазиева Мыскал-төрайымы;
-Курманбеков Жакшылык-мүчөсү;
-Оморов Белек-мүчөсү.
2. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш, жаштар жана спорт, тышкы экономикалык байланыш комиссиясына:
-Касымалиев Алмирбек-төрагасы;
-Касымбеков Кайырбек-мүчөсү;
-Айтбек уулу Эрлан-мүчөсү.
3. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун сактоо, транспорт, архитектура, жер маселеси, курулуш жана экология боюнча комиссиясына:
-Токталиева Дамира-төрайымы;
-Рысбек уулу Камчыбек-мүчөсү;
-Бополоңова Төлөбүбү-мүчөсү.
4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин убактылуу төрайымы: | М. Байгазиева |