Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын II сессиясы
2021-жылдын 15-июну № 2/1
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №2/1 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп Эчки-Башы айылынын тургуну Кадыров Рысбек Зарлыкович дайындалсын.
2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: | А. Касымалиев |