Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын II сессиясы
2021-жылдын 15-июну № 2/2
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Маанаеванын 2021-жылдын 6 айынын отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Маанаеванын 2021-жылдын 6 айынын отчетун угуу максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №2/2 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Маанаеванын отчету кийинки сессияда угулсун.
2. Электр энергиясын үнөмдөө максатында айыл аймагындагы муниципалдык мекемелердин имараттарынын жана көчөлөрдүн пайдаланган электр энергиясына мониторинг жүргүзүлүп, лимит берилсин. Энергияны ашыкча пайдалангандарга эскертүүлөр берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: | А. Касымалиев |