Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын II сессиясы
2021-жылдын 15-июну № 2/3
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу”ишканасынын башчысы А. Мамбеткулованын 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу”ишканасынын башчысы А. Мамбеткулованын 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуу максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №2/3 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу”ишканасынын башчысы А. Мамбеткулованын 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчету кийинки сессияда угулсун.
2. “Таза-Суу”ишканасына пайдаланган таза суу үчүн акча каражатын чогултуу максатында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана депутаттары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы | А. Касымалиев |