Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын II сессиясы
2021-жылдын 15-июну № 2/4
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысынын милдетин аткаруучусу С. Болот уулунун 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысынын милдетин аткаруучусу С. Болот уулунун 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуу максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №2/4 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысынын милдетин аткаруучусу С. Болот уулунун 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчету кийинки сессияда угулсун.
2. Жайыт акысы сырттан кошулган бир топозго 100сом, бодо малга 250сом, кой-эчкиге 50сом болсун. Ал эми айыл аймагынын бодо малына 50сом, кой-эчкиге 10сом болуп бекитилсин.
3. “Чуңкур-Суу” көпүрөсү жайыт комитетинин бюджетинин эсебинен жасалсын.
4. Айыл аймагынын сугат жана жайыт жерлеринен корукка түшкөн 1баш бодо малга 500сом айып пул салынсын.
5. Жайыт комитетине тиешелүү HZ4016 маркасындагы эксковаторду сатууга, же алмашууга уруксаат берилсин.
6. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы | А. Касымалиев |