Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын II сессиясы
2021-жылдын 15-июну № 2/5
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн башчысы А. Борбодоевдин 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн башчысы А.Борбодоевдин 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуу максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №2/5 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн башчысы А. Борбодоевдин 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчету кийинки сессияда угулсун.
2. Токтомдун тапшырмасын аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Он-Арча айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары О. Беккуловага тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы | А. Касымалиев |