Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/2
Айыл аймагындагы муниципалдык мекемелерди камсыздандыруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Оттук жана Эчки-Башы айылдарындагы муниципалдык мекемелерди камсыздандыруу үчүн акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оттук жана Эчки-Башы айылдарында жайгашкан муниципалдык мекемелерди камсыздандыруу үчүн бюджеттен 30 (отуз) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Муниципалдык мекемелерди камсыздандыруу боюнча акча каражатын бөлүп берүү жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Маанаевага жана документтерин топтоп камсыздандыруу жагы уюштуруучу К. Иманбердиевага милдеттендирилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы | А. Касымалиев |