Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/3
Карылар күнүнө карата 70 жаштан жогорку жарандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын 70 жаштан жогорку жарандарын медициналык кароодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оттук жана Эчки-Башы айылдарында жашаган 70 жаштан жогорку жарандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн бюджеттен 120 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын 70 жаштан жогорку жарандарынын тизмесин тактап, медициналык кароого даярдоо жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн социалдык адиси К.Төлөгөновага милдеттендирилсин.
3. Кары адамдарды медициналык кароо өткөрүлүүчү жайга ташып келүү жагы аскерге каттоо столунун инспектору Ж. Туйбаевге жана экономика-статистика боюнча башкы адиси Д.Кубанычбековго милдеттендирилсин.
4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы | А. Касымалиев |